Turmush — Президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 10-мартындагы №75 «Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана КРнын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруу максатында Ивановка айыл өкмөтүнүн 5 долбоору Ысык-Ата районун өнүктүрүү фонду жана Чүй облусун өнүктүрүү фонду тарабынан колдоого алынып, ишке ашырылган.
Маалым болгондой, 2022-жылы Чүй облусун өнүктүрүү фондунан 6 млн сом, Ысык-Ата районун өнүктүрүү фондунан 1 567 900 млн сом бөлүнгөн.
- Ивановка айыл өкмөтүн Каныбек Курманалиев жетектеп келет.
«Билимге жаңы көз караш» долбоору
Аталган долбоордун алкагында №2 мектепке инвентарь, шкаф жана такталарды сатып алууга Ысык-Ата районун өнүктүрүү фондунан 1 млн 102 миң 097 сом каржыланган. Айыл өкмөттүн өздүк салымы — 292 миң 903 сомду түзгөн.
Мындан тышкары №2 мектептин чатырын оңдоого Чүй облусун өнүктүрүү фондунан 2 млн 856 миң 533 сом бөлүнүп, айыл өкмөттүн өздүк салымы — 336 миң 878 сомду түзгөн.
Ошондой эле 9744 сомго 8 даана видео көзөмөл камерасы орнотулган.
«Билим бардыгына» долбоору
Аталган долбоордун алкагында Ысык-Ата районун өнүктүрүү фондунан №4 башталгыч мектебине 393 миң сом бөлүнүп, эмеректер, иш техникалар жана видео көзөмөл камера орнотулду. Айыл өкмөттүн өздүк салымы — 50 миӊ сомду түзгөн.
«Менин жаңы мектебим» долбоору
Бул долбоордун алкагында №4 башталгыч мектебинин капиталдык оңдоо ишине Чүй облусун өнүктүрүү фондунан 3 млн 145 миң 367 млн сом бөлүнүп, айыл өкмөттүн өздүк салымы — 393 миң 798 сомду түзгөн.
Ирригациялык системалар
Ивановка айыл өкмөтүнүн ирригациялык системаларын тазалоо үчүн күйүүчү-майлоочу майларды алууга Ысык-Ата районун өнүктүрүү фондунан 72 миң 800 сом, жергиликтүү бюджеттен 20 миң 690 сом бөлүнгөн.
Мындай тышкары №3 Ивановка башталгыч мектебинин утурумдук оңдоо иштерине 43 миң 135 сом, 70 тонна көмүр алууга 335 миң 300 сом, иш техника сатып алууга 24 миң 450 сом, 7 даана видео көзөмөл камера алынып, орнотууга жергиликтүү бюджеттен 8 526 сом жумшалган.