Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Чүй

Ысык-Ата районунда 4 автоунаа кагышып, 7 киши жабыркады

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бишкек — Торугарт унаа жолунун 9-чакырымында 4 автоунаанын кагышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган кырсыктын күбѳлѳрү билдиришти.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын тастыктоосуна караганда, 18-ноябрда саат 16:15 чамасында Бишкек шаарынын 55 жаштагы тургуну «Хонда СР-В» үлгүсүндөгү автоунааны аталган жолдо чыгыштан батышты карай башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай жүк ташуучу унааны, «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндѳгү коомдук унааны жана «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү жеңил унааны сүзгѳн. Анын кесепетинен 7 адам ар кандай жаракат алып, Кант шаардык ооруканасында дарыгерлердин кароосунан кийин үйлѳрүнѳ кетишкен.

Алар:

- 41 жаштагы Ч.А., Ысык-Ата районунун Интернационал айылынын тургуну;

- 29 жаштагы Б.Б., Ысык-Ата районунун Социал айылынын тургуну;

- 57 жаштагы С.Л., Ысык-Ата районунун Кант шаарынын тургуну;

- 10 жаштагы Б.С., Бишкек шаарынын тургуну;

- 43 жаштагы С.Л., Ысык-Ата районунун Милянфан айылынын тургуну;

- 43 жаштагы Ю.Л., «Тойота Эстима» жеңил унаасынын айдоочусу;

- 55 жаштагы С.Б., «Хонда СР-В» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1061
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×