Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Чүй

Жаш талант: 14 жаштагы Мусанын жасаган букет гүлдөрү 300 сомго чейин сатылат (фото)

Turmush -  Кант шаарынын 14 жаштагы тургуну Муса Садиков бий боюнча сынактарга катышып, алдыңкы орундарды алып жатат. Ал кол өнөрчүлүк менен да алектенет. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Муса түрк улутунун өкүлү.

«Ысык-Ата районундагы Буденевка орто мектебинде 9-класста билим алып жатам. Сабактан тышкары кол өнөрчүлүк менен алектенип, ар түрдүү кооз гүлдөрдү жасайм. Ошондой эле, бий сынактарына, иш-чараларга катышам. Гүл жасоо идеясы «эң жакын адамыма кандай белек кылсам» деп ойлонуудан чыккан. Досторум, жакындарым буйрутма берип жасатып калышат. Досторум аркылуу келип буйрутма бергендерге 1 букет гүлдү 250-300 сомго жасап берем.

Элдик жана заманбап бийлерди жактырам. 2009-жылы өткөн «Сары-Өзөн чолпондору» кароо-сынагына катышып, 2-орунду алгам. Окуу, бий сынактарынан жана ар кандай иш-чараларда көптөгөн ардак баракчаларды алдым», - деди ал.

Жаш талант үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң кичүүсү.

«Кант шаарында 2003-жылы төрөлгөм. Үйдө атам, апам болуп 6 киши жашайбыз. Бир туугандарымдын ичинен эң кичүүсүмүн», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1846
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×