Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Чүй

Ивановкадагы мектепке Ч.Айтматовдун эстелиги коюлду

Turmush -  Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы Ч.Айтматов атындагы мектеп-гимназиясында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу мектеп директорунун орун басары Анара Жумабекова билдирди.

Анын айтымында, мектептин ичине коюлган эстеликти курууга жалпы 25 миң сом сарпталган.

«Эстеликтин курулушу октябрда башталып, ноябрь айынын аягында бүттү. Анын жалпы чыгымына ата-энелер демөөрчүлүк кылышты. Ачылыш аземине Илимдер академиясындагы Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматкерлери, «Устат-шакирт» коомдук фондунун жетекчилиги, райондук билим берүү бөлүмүнүн, айыл өкмөттүн өкүлдөрү жана ата-энелер катышты. Иш-чарада окуучулар тарабынан даярдалган музыкалык-театрлаштырган чыгармачылык кече уюштурулду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 473
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×