Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 11.12.2017 11:57

Ысык-Ата районунда Манас күнү белгиленди (видео)

Turmush -  Ысык-Ата районундагы жалпы мектептерде Манас күнү белгиленип, «Саякбай» кѳркѳм тасмасы тартууланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ысык-Ата райондук билим берүү бѳлүмүнүн жетекчиси Болот Иманалиев билдирди.

«Манас күнү биздин райондогу бардык мектептерде белгиленип, ар кандай иш-чаралар ѳттү. Андан сырткары Ысык-Ата райондук маданият бѳлүмү менен биргеликте «Саякбай» көркөм тасмасын окуучуларга кѳрсѳттүк. Мунун максаты окуучуларды патриоттуулукка үндѳп, «Манас» эпосу менен жакындан тааныштыруу болчу», - деди ал.

Аталган иш-чарага жалпы 450 окуучу жана мугалимдер катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×