Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Чүй

Айыл турмушу: Сүт жана эт багытындагы уйларды баккан Улан мырза ишкерликтин сырларын айтып берди (фото)

Turmush -  Чүй районунун Дөң-Арык айылынын 36 жаштагы тургуну Улан Союзбек уулу сүт жана эт багытындагы уйларды багып келет. Ал уйду букага кайсы айда кошуш керек, уйдун сүтүн сааганды качан токтотуу керектигин жана башка кеп-кеңештерин аймактык кабарчыга айтып берди.

Улан Союзбек уулу кичинекей кезинен эле мал чарбасына жакын өсүп, алардын сырын жакшы үйрөнгөн.

«Мал чарбачылык менен кол арага жарап калгандан бери эле алектенем. Кийин мектепте окуп жүргѳндѳ да атам менен кошо мал карашып жүрүп чоңойдум. Ошентип чоң окуу жайга тапшырдым. Окуудан чыгып алып, дароо үйгө барып, дем алыш күндѳрү да мал карашчумун. Учурда менде он чакты саан уй бар. Анын ичинен экѳѳ сүт багытындагы немис голштин уйлары, дагы экѳѳ швед тукумундагы уйлар. Ошондой эле, бирөө симментал тукумундагы жана эт багытындагы уй болсо, калган беш уй жѳнѳкѳй, ѳзүбүздүн кыргыз уйлар. Азыр ар бир уй тууган сайын, музоосунун жанына дагы бир музоо кошуп жатам. Мисалы, он уй тууса, музоолору менен жыйырма баш болуп, чогуу чоңоюп калышат. Андан кийин ал музоолор бир жашка чыккан мезгилден тартып баардыгын байлоого коем. Аларды тѳрт айдан алты айга чейин байлайм. Жакшы семиргенден кийин Токмоктун чоң базарына алып чыгып сатам. Кѳбүнчѳ сойбой тирүү саткан оң. Анткени эт катары сатсаң баасы арзаныраак болот. Мисалы, базарда отуруп саткандар 1 кг этти 270-300 сомго чейин сатышат. Биз аларга 270 сомго чейин сатабыз. Ал дагы сүйлѳшкѳнүңѳ жараша болот. Менин байлаган торпокторум бир жарым жаш кезинде 190-200 килограммдан баштап, 240-260 килограммга чейин таза эт берет», - деди ал.

Анын уйлары бир саамда 8-9 литрге чейин сүт берип турат.

«Бир сааганда 8-9 литрден сүт берет. Алардын арасында жаңы туугандан кийин бир сааганда 12-14 литрге чейин сүт берген уйлар да бар. Уй негизи туугандан кийин, тѳрт айга чейин көп жана коюу сүт берет. Андан соң суюла баштайт.

Уй туугандан кийин 60-75 күндѳ букадан качырыш керек. Ошондой ыкма менен уй кысыр калбайт. Мисалы, меники жыл сайын декабрь, январь жана февраль март айларында тууйт. Аны өз убагында букадан качышына жардам кылып, арпа, жем берген абдан жакшы болот. Уй туугандан кийин 45 күндѳн кийин күүлѳйт. Андан кийин ар бир 18 күндѳ бир күүлѳп турат. Тактап айтканда жаңы туугандан кийин уйдун жатыны ордуна келип, кайра жаңы урукту кабыл алуу мезгили 45 күндү түзѳт. Негизи экинчи же үчүнчү күүсүндѳ жасалма уруктандыруу аркылуу букадан качырган оң болот», - деди ал.

Улан мырза уйлардын тууй турган учуруна 2 же 3 ай убакыт калганда аларды саабай, байытуу керектигин белгиледи.

«Анткени уй курсагындагы музоосун багыш керек. Ошол тууй турган учуруна 2-3 ай калганда арпа, жүгѳрү жана тамактын жакшы сиңишине шарт түзгѳн улпакты аралаштырып, күнүгѳ эки маал бериш керек. Бул шарт менен биз уйдун ден соолугуна кам кѳрѳбүз жана туугандан кийин жакшы сүт беришине шарт түзѳбүз.

Уйларды өзүбүз эле, келинчегим экѳѳбүз кол менен саайбыз. Бир четинен ѳзүңдүн ден соолугуңа да жакшы. Кыймыл болуп турат жана уйдун эмчегине кооптуу жагдай жаралбайт», - деди ал.

У.Союзбек уулу 1981-жылы Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылында төрөлгөн.

«Балалыгым аталган айылда өттү. Калча атындагы №26 орто мектепти бүтүрүп, 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырдым. Жогорку окуу жайды 2004-жылы аяктадым. Андан кийин Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмүндө иштеп, кийин Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык башкармалыгында эмгектендим. Ошондой эле, Чүй райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө иштеп, кийин аталган бөлүмдүн жетекчиси кызматына дайындалдым. Бир топ жыл үзүрлүү эмгектенип, 2012-жылдардан кийин үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу кызматымды өткөрүп берип, айылга келдим», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4428
Көп окулду
×