Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Чүй

Токмокто жеңил унаа көлмөгө түшүп, 4 адам көз жумду

Turmush -  Бүгүн, 11-декабрда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 38-чакырымында жол кырсыктан 4 адам каза болду.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, саат 13:35те №21 бөлүмдүн куткаруучулары Токмок шаарынын аймагындагы «Рахат» кафесине чыгып кетишкен. Ал жерде «Тойота Авенсис» (мамлекеттик номуру В 5294 АU) үлгүсүндөгү унаа көлмөгө түшүп кеткен. Куткаруучулар суудан унааны жана 4 адамдын жансыз денесин алып чыгышты. Учурда каза болгон адамдардын өздүгү такталып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6943
×