Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Чүй

Аламүдүндөгү «Арашан» фольклордук ансамблинин түзүлгѳнүнѳ 25 жыл болду (фото)

Turmush -  Аламүдүндөгү Болот Эдигеев атындагы «Арашан» элдик фольклордук ансамблинин түзүлгѳнүнѳ быйыл 25 жыл болот. Бул топ тарбиячылардын, мугалимдердин жана айылдан чыккан таланттуулардын курамынан түзүлгөн. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган топтун мүчѳсү жана ырчы Анара Шаимкулова билдирди.

«Болот Эдигеев атындагы «Арашан» элдик фольклордук ансамбли 1991-жылы түзүлгөн. Анын курамына мугалимдер, тарбиячылар жана айылдан чыккан таланттуулар киришкен. 1992-жылы Аламүдүн районунун маданият үйүнүн алдындагы консерваторияны бүткөндөр курамын толуктап иштеп башташкан. Жетишкен ийгиликтерибиз абдан кѳп. Япония, Пакистан, Кытай, Түркия жана башка чет жерлерге барып, кыргыздын өнөрлөрүн тартуулап келебиз. Жетекчибиз Токтогул Рысалиев деген таланттуу агайыбыз болот», - деди ал.

Топто жалпы 22 киши эмгектенет. Анын эң кенжеси 17 жашта болсо, эң улуусу — Чолпонкул Райымкулов 60 жашта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1273
Көп окулду
×