Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Чүй

Айыл турмушу: Р.Адылбекованы бала бакчадагы бөбөктөр «биз бүгүн үйлѳнѳбүз, апабызга айтып коюңузчу» деп күлдүрдү (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айылынын 35 жаштагы тургуну Рахат Адылбекова 13 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Ал учурда №5 «Алтын балалык» бала бакчасынын жетекчилик кызматын аркалап, наристелердин баёо кыялына, күн санап ѳзгѳргөн кылыктарына күбѳ болуп, ѳз кесибин сүйүп иштеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Мен бала кезден эле мугалим болууну каалачумун. Мектепте окуп жүргѳндѳ президент болгондуктан кээде мугалимдердин ордуна сабак ѳтүп койчумун. Ѳзүм 1989-жылы Э.Гапаров атындагы орто мектебинин босогосун аттап, аны 1999-жылы ийгиликтүү аяктап алдым. Андан соң жогорку билимди К.Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университетинен алып чыктым. Эмгек жолум 2004-жылы М.Баранов атындагы Новопокровка орто мектебинен башталды. Бул мектепте 2008-жылга чейин эмгектендим. Андан кийин №5 «Алтын балалык» бала бакчасына жумушка кирип, 2011-жылдан бери ушул эле бала бакчада директор болуп эмгектенип келем. Бала бакчабызда 180 бала тарбияланат жана 5 тарбиячы эмгектенет. Кошумча англис тили жана бий ийрими бар», - деди ал.

Рахат Адылбекова кичинекей наристелердин ар кандай жоруктарын кѳрүп, ѳзүнүн кесибине ыраазы экенин белгиледи.

«Бала бакчада кызыктуу окуялар абдан кѳп болот. Кээ бирөөлөр кичинекей балдар менен иштешүү оор деп ойлошот. Тескерисинче мектепте чоң класстын окуучуларына караганда, ушул кичинекей наристелер менен иштешүү өзүнчө эле рахат. Күнүгѳ алардын баёо кыялын, ар кандай жоруктарын кѳрүп, ѳзүңдүн кесибиңди сүйүп иштейсиң. Бир жолу кичи топко балдарды кабыл алдык. Мен аларга күнүгѳ барып, кѳп убактымды алар менен ѳткѳрчүмүн. Алар жаңы келгендиктен бала бакчага жакшы кѳнѳ албай, апаларын сагынып, издей беришчү. Снежана деген бир кызыбыз кечке ыйлап, такыр басылбай койду. Акырын жанына барып «Снежана болду, ыйлаба эми!» десем, ал орусча мени сѳгүп туруп «сен чоңсуң, сага апанын кереги жок, а бизге апа керек» деп кайра ыйлап кирди. Жанымдагы тарбиячы экѳѳбүз же күлѳ албай же ыйлай албай, нес болуп жалдырап калдык. Мындан башка да бир кызыктуу окуя болду. Кичинекей бир кыз менен бир бала тарбиячыга «бизди бүгүн апаларыбызга чогуу кетишет» деп койгулачы дептир. Анда таң калган тарбиячы «эмнеге?» деп сураса «биз бүгүн үйлѳнѳбүз» деп күлдүргѳн экен», - деди ал.

Рахат Адылбекова 1982-жылы Ысык-Кѳл облусунун Жети-Ѳгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында тѳрѳлгѳн. Ал үй-бүлѳлүү, 2 уул, 2 кыздын бактылуу апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2489
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×