Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Чүй

«Жеңеке»: Кыз куумайда жигитти катуу сабаган Р.Адылбекова жолдошунун романтикалуу белектерин унутпайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айылынын 35 жаштагы тургуну Рахат Адылбекова 13 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Ал 21 жашында турмушка чыгып, 2 уул, 2 кыздын бактылуу апасы болду. Рахат жеңе менен аймактык кабарчы таанышты.

«Аял кишинин үй-бүлѳдѳ орду ѳтѳ маанилүү. Биринчиден аял киши жолдошуна жакшы жар, балдарына мээримдүү эне болушу керек. Андан кийин бардык суроого жооп тапкан, бүтүндѳй бир аалам болушу керек.

Бактылуу үй-бүлѳнү куруу үчүн, эң биринчи жолдошу менен ынтымактуу, биримдиктүү, эриш-аркак болушу абзел. Албетте, үй-бүлѳнү бакытка бөлөгөн бул балдарың болот. Балдарың тарбиялуу, ыймандуу, адептүү ѳсүп чоңойсо, ата-эне үчүн мындан ѳткѳн бактылуулук болбойт», - деди ал.

Рахат жеңенин жолдошу Ысык-Ата районуна караштуу Чоң-Далы айылынан болсо, өзү көлдөн болот.

«Чоң-Далы айылына эжемдин жаңы төрөлгөн кызын багышканы баргам. Ошондо болочок жолдошум менен таанышып калдым. Кыз-жигит болуп сүйлѳшкѳн жокпуз. Кээде гана сүйлѳшчүбүз. Кийин 21 жашымда Ысык-Кѳлдѳн ала качып кеткен. Жолдошум мыкты киши. Ар бир майрамда сѳзсүз белек кылат. Жок дегенде кафеге алып барат. Бир жолу мага «Фонекс» үлгүсүндөгү чөнтөк телефонду белекке алып берген. Анда уюлдук телефондор жаңы чыга баштаган. Ал белекти эч качан унутпайм», - деди ал.

Рахат жеңе студенттик кезинде кыз куумайга түшүп, кызыктуу окуяга кабылганын айтты.

«Жашоодогу кызыктуу окуяларым кѳп эле болду. Менин атам, бир тууган ага-эжелерим жылкыга абдан кызыгышат. Мен дагы аябай кызыгам. Мындан улам окуучулук, кийин студенттик кезимде деле кыз куумайга түшүп жүрдүм. Биринчи кыз куумайга түшѳрдѳ байкем «сен өзүңө жигитти жеткирбей атты чаптыр» деди. Анын айтканын жасадым, байкем «кайра эми сен кууйсуң, жетип аны камчы менен саба, ашып баратсаң бурулуп колуна чап» дегенде, мен тиги жигитке жетип эле камчы менен сабап баштадым. Ал бала аты менен элди аралап качса, отургандардын баары каткырып күлүп «ой байкуш баланы эмне мынча сабадың» деп айтып калышты. Камчынын изи денесинде калган баланы көрүп, боорум ооруду. Себеби, жай мезгили эле, бала жеңил көйнөк кийип жүргөн», - деди ал.

Рахат Адылбекова учурда №5 «Алтын балалык» бала бакчасында жетекчилик кызматты аркалап, наристелердин баёо кыялына, күн санап ѳзгѳргөн кылыктарына күбѳ болуп, ѳз кесибин сүйүп иштеп келет.

«Мен бала кезден эле мугалим болууну каалачумун. Мектепте окуп жүргѳндѳ президент болгондуктан кээде мугалимдердин ордуна сабак ѳтүп койчумун. Ѳзүм 1989-жылы Э.Гапаров атындагы орто мектебинин босогосун аттап, аны 1999-жылы ийгиликтүү аяктап алдым. Андан соң жогорку билимди К.Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университетинен алып чыктым. Эмгек жолум 2004-жылы М.Баранов атындагы Новопокровка орто мектебинен башталды. Бул мектепте 2008-жылга чейин эмгектендим. Андан кийин №5 «Алтын балалык» бала бакчасына жумушка кирип, 2011-жылдан бери ушул эле бала бакчада директор болуп эмгектенип келем. Бала бакчабызда 180 бала тарбияланат жана 5 тарбиячы эмгектенет. Кошумча англис тили жана бий ийрими бар», - деди ал.

Рахат Адылбекова 1982-жылы Ысык-Кѳл облусунун Жети-Ѳгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында тѳрѳлгѳн. Ал үй-бүлѳлүү, 2 уул, 2 кыздын бактылуу апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2812
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×