Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Чүй

Жаш талант: Ырчы жана бийчи Жылдыз «Сары-Өзөн чолпондору» сынагына катышып, 1-орунду жеңип алган (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылынын 17 жаштагы тургуну Жумакадыр кызы Жылдыз мектептеги ар кандай иш-чараларга активдүү катышып, ырдап, бийлеп келет. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

«Мектепте жакшы окуйм жана ар кандай иш-чараларга, сынактарга активдүү катышып келем. Чүй облусунда "Сары-Өзөн чолпондору" сынагы жылда ѳткѳрүлѳт эмеспи. Ошол сынакка катышып, биринчиликти багындыргам. Ушул сыяктуу кѳптѳгѳн сынактарга катышып, бир топ ийгиликтерге жетиштим. "Мектеп эстрадасы" тобунун мүчѳсү да болгом. Мага заманбап стилдеги жана классика жанрындагы музыкалар жагат. Мындан сырткары улуттук жана заманбап бийлерди бийлегенди жактырам. Мектепте 2 жыл президент да болгом. Келечекте ырчы болууну же ишкер айым болууну кыялданам», - деди ал.

Жаш талант мектепте болгон кызыктуу окуясынан айтып берди.

«Мектепте кызыктуу окуяларыбыз кѳп эле болот. Бир жолу курсагыбыз ачып, досторум менен сабактан качууга аракет кылгам. Жолдон класс жетекчибизди, андан кийин директорубузду көрүп калып, мектептин кычыктарына жашынып жатып, эптеп качканбыз. Эртеси мектепке келгенде ушундай бир тил уккан элек», - деди ал.

Жумакадыр кызы Жылдыз 2000-жылы Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында тѳрѳлгѳн. Ал үй-бүлѳдѳ 4 бир туугандын эң кенжеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2383
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×