Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Чүй

Айыл турмушу: Орус тилчи С.Майлыбашова дунгандарга сабакты өз тилдеринде түшүндүрүп, окуучулардын күлкүсүнө калат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 43 жаштагы тургуну Сабира Майлыбашова 20 жылдан бери эл агартуу тармагында иштеп келет. Ал «Жыл мугалими-2017» сынагына катышып, «Тажрыйба жана чеберчилик» наамына ээ болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен сабак берген класстарда көбүнчө дунган улутундагы окуучулар басымдуулук кылат. Кээде сөздөргө туура эмес басым жасап, туура эмес сүйлөп алышканда аябай күлүп калам. Такыр орусча түшүнбөгөн балдарга дунган тилинде эптеп түшүндүрөйүн десем, мен да туура эмес сүйлөп, кээде алар күлүп калышат.

«Максат менен соккон жүрөк, бакыт үчүн өмүр сүрөт» дегендей кыялданып, үмүтүбүз менен кооздогон максатыбызга жеткенде гана бакыттын туу чокусун сезебиз деп ойлойм. Менин максатым - келечек муундарга сапаттуу билим берип, аларды адамгерчиликке тарбиялоо», - деди ал.

Сабира Майлыбашова 1981-жылы Ош шаарындагы Гагарин атындагы №17 орто мектепке 1-класска кирип, кийин 1986-жылы атасынын жумушуна байланыштуу Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылына көчүп барып, ошол жердеги К.Маркс атындагы орто мектептен окуусун уланткан. Аны 1991-жылы аяктаган соң, Ош мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырган.

«Жогорку окуу жайды 1996-жылы аяктаган соң, Ош шаарындагы Барпы атындагы №38 орто мектепке орус тили жана орус адабиятынан мугалими болуп 2008-жылга чейин иштедим. 2009-жылдан ушул мезгилге чейин Ысык-Ата районунун №3 Ивановка башталгыч мектебинде иштеп келе жатам», - деди ал.

Сабира Майлыбашова үй-бүлөлүү, 3 баланын апасы.

«Жолдошум экөөбүздү досум тааныштырып, сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Бир түтүн булатып жашап келе жатканыбызга 23 жыл болду. Ал кесиби боюнча бухгалтер, жеке ишкерлик менен алектенет. Улуу балам Бекназар Юридикалык академиясынын 3-курсунун студенти, андан кийинки уулум Эрназар Ош Технологиялык университетинин 1-курсунун студенти болсо, кичүүбүз Биймырза 8-класстын окуучусу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1679
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×