Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Чүй

Ысык-Атада коомдук-саясий ишмер С.Ибраимовдун 90 жылдыгына карата конференция өттү (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунда коомдук-саясий ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына карата конференция болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган райондун маданият бөлүмүнүн башчысы Салтанат Мамбетмусаева билдирди.

Маалым болгондой, конференцияга маданият кызматкерлери, мугалимдер катышып, Султан Ибраимовдун өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу докладдар окулуп, даректүү тасма, слайддар көрсөтүлдү. Конференциянын аягында Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкон тарыхый инсандардын жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоодогу ролу белгиленип, атайын сабактарды өткөрүү керектиги айтылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2490
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×