Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 15.01.2018 16:51

Жаш талант: 15 жаштагы футболчу С.Алибекова Кыргызстандагы көрүнүктүү клубда машыгат (фото)

Turmush -  Сайкал Алибекова Ысык-Ата районундагы «Абдыш-Ата» футбол клубунда машыгып келет. Ал Ош шаарында 2003-жылы төрөлгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 3 жылдан бери футбол менен машыгып келем. Алгач райондогу балдар менен кошо футбол ойноп жүрүп эле кызыгып кеттим. Футбол ойноо эң алгач ден соолукка пайдалуу болсо, экинчиден адам сергек болуп, бардык иште, окууда ийгиликтерди жарата алат. Ушул спорт менен алектенип калганыма абдан кубанам. Учурда Ысык-Ата районундагы «Абдыш-Ата» футбол клубунда машыгып келем. Ал жактан да эркек балдар менен таймашабыз. Кудай буюрса арабыздан мыкты спортчу, футболчу жаштар өсүп келе жатышат. Биз жакын арада дүйнөлүк аренага чейин жетебиз деп ишенем», - деди ал.

Сайкал Алибекова үй-бүлөдө 4 бир туугандын ортончусу.

«Жашоодо эч нерсеге өкүнбөйм. Ата-энем бар, мен бактылуумун. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын ортончусумун. Келечекте кандай кесипти тандарымды азырынча ойлоно элекмин», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×