Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Чүй

«Жезде»: Өзүн мыкты күйөө бала деп эсептеген Узакнурду кайын атасы өз баласындай жакшы көрөт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылынын 24 жаштагы тургуну Асанбек уулу Узакнур келинчегинин салаттарын, таттуу нандарын жана ашлян-фусун жактырып жейт. Ал кайын журтунун улуу баласы жана өзүн дайыма жакшы күйөө бала деп эсептейт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Келинчегим менин дос баламдын тууганы болуп калат. Бир күнү ошол дос баламдын үйүнө барганда көрүп, жактырып калгам. Кийинчерээк телефон номурун алып, сүйлөшүп жүрдүм. 6 айдан кийин кыргыздын салты менен баш коштук. Кайын журттун улуу күйөө баласымын. Жаман күйөө баламын деп айткандан алысмын, кайын атам менен жакшы мамиледемин, мени жакшы көрүшөт. Ал эми келинчегимдин салаттарын, таттуу нандарын, ашлян-фусун жактырам. 2015-жылы 15-ноябрда балалуу болдук. Балабыздын атын Жоомарбегим деп койдук», - деди ал.

Узакнур 1994-жылы 8-июлда Нарын шаарында төрөлгөн.

«Мен 3 жашымда Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Ивановка айылына көчүп келгенбиз. Ивановка орто мектебине 2000-жылы кабыл алынып, аны 2009-жылы аяктап, ошол эле жылдан 2013-жылга чейин Токмок шаарындагы К.Скрябин атындагы айыл чарба колледжинин электр тармагында окудум. 2012-жылдын 5-февралында атам каза болгондугуна байланыштуу эмгек жолумду эрте баштагам. Үйдө мал чарбабыз бар. Бош убактымда ошол чарбада эмгектенем. Хоббим — бильярд, футбол ойноо. Үйдүн улуу баласымын», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2114
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×