Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Чүй

Жаш талант: Ысык-аталык жаш куудул Сүймөнкул сүннөткө отургузуу учурунда качып кеткен (видео, фото)

Turmush -  Күмүшбек уулу Сүймөнкул Ысык-Ата районунун Ивановка айылында 2002-жылы төрөлгөн. Ал мектеп аралык жана райондо өткөн сынактарга, иш-чараларга катышып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Мен Новопокровка №1 орто мектепте окуйм. Сабактардан мага дене тарбия сабагы жагат. Келечекте КВНшик болгум келет. Ошондой эле, элге жардам берсем дейм. Келинчегимди чыгармачылыктан көргүм келбейт. Албетте, кээ бир үй-бүлөлөр бар, баары чыгармачыл адамдар болушат эмеспи. Мен кийин үйлөнгөндө өзүм эле чыгармачыл адам болгум келет», - деди ал.

Сүймөнкул келечектеги жубайын татынакай болсо деп кыялданат.

«Күлкүлүү окуяларды кээде өзүм, кээде тайпабыз менен чогуу ойлоп табабыз. КВН боюнча бир топ иш-чараларга, мектеп ичиндеги майрамдык кечелерге катышып келем. Жакында эле тайпабыз менен КВНден район боюнча 1-орунду багындырдык. Жашоомдо көп эле кызыктуу окуялар болду. Сүннөткө отургузарда коркуп качып кеткеним эсимден кетпейт. Акыры дары беришкен», -деди ал.

Ал үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2705
Көп окулду
×