Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 17.01.2018 12:52

Айыл турмушу: Бир күндө 6 чөө аткан Самат алдынан чыккан карышкырдан коркуп, мылтыгын жерге таштап жиберген (видео, фото)

Turmush -  Ысык-Ата районундагы Туз айылынын 28 жаштагы тургуну Самат Токторбеков эки жыл мурун багып алган кыргыз тайганы менен кой-козуларга кол салган чөөлөрдү атып, мергенчилик кылат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Самат Токторбеков 1990-жылы 28-мартта Ысык-Ата районуна караштуу Тоолуу Серафимовка айылында төрөлгөн.

«Көп жыл кыргыз тайгандарын багууга кызыгып жүрдүм. Бирок тайганды былтыркы жылдан бери багып, быйыл аны мергенчиликке үйрөтүп жатам. Азырынча тажрыйбасы жок болгондуктан тайганым өз алдынча карышкыр ала элек. Бирок өткөндө чөөнү изи менен кууп барып, басып калды. Досторум менен чуркап барып, аларды бөлүштүрүп, чөөнү кармап алдык. Биз жакта чөөлөр көп. Кой-козуларга кол салат», - деди ал.

Учурда мергенчи тайганын карышкыр алдыруу үчүн башка тайгандарга кошуп үйрөтүп жатат.

«Азыркы тапта үйдө таза кандуу бир тайганым жана үч овчаркам бар. Тайган баккан соң, сөзсүз мергенчиликке да кызыгат экенсиң. Бала кезден мергенчиликке кызыгып келем. Карышкыр атып көрө элекмин, бирок чөө атып жүрөм. Кээде бир күндө 5-6 чөө аткан учурлар болот. Бир окуя эсимен кетпейт, анда мен мергенчиликке жаңыдан аралашып жаткан кезим. Ошондо байкемдер менен карышкырга мергенчиликке чыктык. Кээде карышкыр байкатпай туруп, жүрөктү түшүрүп алдыңан чыга калат. Дал ушундай көрүнүш менен карышкыр кокусунан алдыман чыга калды. Болгондо да чоң карышкыр экен. Так маңдайыңан сени карап, ырылдап турса сүрдүү көрүнөт экен. Мен коркконуман колумдагы мылтыгымды таштап жибериптирмин. Алыстан мергенчи байкелер «мылтыкты жерден ал, бол тез, ат...» деп кыйкырып жатышты. Мен чөптүн арасынан мылтыкты тапкыча карышкыр карагайларды аралап качып кеткен. Ошондо баары күлүшкөн эле», - деди ал.

С.Токторбеков мергенчиликтен сырткары дыйканчылыктын сырларын үйрөнүп жатат.

«Дыйканчылыкта кызылча, жүгөрү жана башка жер-жемиштерди айдап жүрөм. Улак тартышка катышам. Бош убактарда лыжа, сноуборд тээп, саякаттоону жакшы көрөм. Үйдөгү эркекке тийиштүү иштердин баарын жасайм», - деди ал.

Мергенчи үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы.

«Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз, 4 эжем жана бир иним бар. Ата-энем мал жана айыл чарбасы менен алектенет. Өзүм Туз айылынан 9-классты бүтүп, Канттагы кесиптик лицейден автомеханик кесибин алып чыккам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×