Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Чүй

Айыл турмушу: Мугалим С.Ашырбаева аз убакыттын ичинде директордун орун басарлыгына чейин жетти (фото)

Turmush -  Саадат Ашарбаева 1990-жылы 27-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал мугалимдик кесипти аркалаганына аз эле убакыт болсо да, талыкпаган эмгектин арты менен директордун окуу иштери боюнча орун басарлыгына чейин жетти. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Бишкекте төрөлгөнүм менен Ысык-Көл облусундагы Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылында чоңойдум. Ошол жердеги Болот Алаков атындагы орто мектебинде 1-класстан 11-класска чейин окудум. Үй-бүлөдө З бир тууганбыз. Менден кийин сиңдим жана иним бар. Ата-энем азыр айылда мал чарбачылыгы менен алектенет. 2008-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология жана химия факультетине тапшырып, аны 2013-жылы ийгиликтүү аяктадым. Эмгек жолумду ошол эле жылдын сентябрь айында Ысык-Ата районундагы Ивановка айылындагы мектептен баштагам. Бир жыл иштеп, 2014-жылы ошол эле райондун Ново-Покровка айылындагы мектепке которулдум. Ал жакта 2 жыл иштедим. Бир жыл жөнөкөй мугалим, экинчи жылы директордун окуу иштери боюнча орун басары болдум, андан соң декреттик өргүүгө чыктым. Буюрса ушул жылы сентябрда кайрадан жумушка чыгайын деген оюбуз бар. Мугалимдик кесип мага бала кезден жакчу. Ошондон бери эле мугалим болом деп жүрүп, ушул кесипти аркалап калдым», - деди ал.

Саадат Ашарбаева үй-бүлөлүү, 1 кыздын апасы.

«Турмушка 2014-жылы 21-мартта чыктым. Жолдошум Самат кыргыздын салты менен ата-энемдин алдына барып, сөйкө салып алып кеткен. Экөөбүз ага чейин телефон аркылуу таанышканбыз. Эки адамдын бири-бирине болгон ишеничи, сүйүүсү, сыйы күчтүү болсо менимче бактылуу үй-бүлө боло алат. Учурда Ысык-Ата районунун Туз айылында жашайбыз. Кызым Айлина 1,5 жашта», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 916
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×