Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Чүй

Айыл турмушу: Ысык-аталык Г.Бектурова 300 ыр жазып, үй-бүлөлүк ансамбль түздү (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын 61 жаштагы тургуну Гүлжан Бектурова 300дөй ырдын автору. Аймактык кабарчы акын ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Жумгал районунун Кызыл-Сай айылынын кызы.

«Атам санжырачы, сөзмөр адам болгон. Акындыкка болгон шыгым атамдан өтсө керек. Өзүмө таандык 300дөй ырым бар. Алар гезит-журналдарга чыгып турат. Буга чейин 2 китебим жарык көргөн. 2013-жылы «Айыл кайрыктары» аттуу китебим, 2016-жылы «Жумгалым, Соң-Көл мекеним» аттуу китебим чыкты. 7-апрелде окко учкан балдарга арнап обондуу ыр жараттым.

Аны менен катар өзүмдүн жетекчилигимде үй-бүлөмдөн турган «Ыйман» үй-бүлөлүк ансамблин түздүм. Анда 2 кызым комузчу, күйөө балам аккордеончу. Учурда тойлорго, кечелерге ансамбль менен барып ырдайбыз. Чыгармачылыкта алдануу, бут тосуулар да болот экен. Бирок ошонун бардыгын жеңип, учурда өзүмдү бактылуу жубай, бактылуу энемин деп сезем», - деди ал.

Акын айым 5 баланын жана 14 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 754
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×