Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Чүй

Жаш талант: Футболчу С.Акылбекова бир нече музыкалык аспапта ойнойт (фото)

Turmush -  Кант шаарында төрөлгөн 13 жаштагы Сатиней Акылбекова буту жаңы басканда эле атасы менен топ ойноп, «Реал Мадрид» — испан футболдук клубунун күйөрманына жана белгилүү футболчу Криштиану Роналдунун фанатына айланган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Сатиней Акылбекова учурда өзү да футбол ойноп, ийгиликтерди жаратууда.

«Учурда Кант шаардык №1 мектеп-гимназиясында 8-класстын окуучусумун. 2016-жылдын жай айынан бери футбол ойноп келем. Кичинекейимден футболго кызыгам. Атам дагы футболду жакшы көрөт. Жаңыдан бутум басып баштаганда эле атам мага футбол тобун алып берип, экөөбүз ойночу экенбиз.

Учурда мен «Абдыш-Ата» командасында ойнойм. Азырынча чоң-чоң ийгиликтерге жетишпесем да, ички мелдештерде өзүмдүн шык-талантымды көрсөтүп жатам. Мен команда менен машыккандан кийин өз алдымча да машыгам», - деди ал.

Сатиней футболдон тышкары карачай элинин улуттук бийин (лезгинка) бийлеп, музыкалык аспаптарда ойногонду жактырат.

«Мен ар тараптуу өнүккүм келет. Лезгинка бийлегенди жактырам. Ошондой эле үйдөгү музыкалык аспаптардын баарын ойной алам. Учурда англис тилин үйрөнүп жатам. Дүйнө жүзүнө саякаттагым келет.

Футболду жакшы көрөм жана ушул багытта чоң ийгиликтерди багындырсам дейм. Кыргызстандагы кыздар командасына өзүмдүн зор салымымды кошкум келет. Кыргызстандын курама командасында ойноп, Европанын топ командасына кошулгум келет. Бул өтө чоң эмгекти талап кылат. Буюрса мен максатыма жетем деп ойлойм», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2160
Көп окулду
×