Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Чүй

Айыл турмушу: Мугалим И.Рыбьянованын чоң аталары Дмитриевка айылын түптөгөнгө салым кошушкан (фото)

Turmush -  Ирина Рыбьянова 29 жылдан бери эл агартуу тармагында эмгектенип келет. Ал Фрунзе машина куруу техникумунан билим алып чыккан. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Ирина Рыбьянова Ысык-Ата районуна караштуу Дмитриевка айылында 1964-жылы жарык дүйнөгө келген.

«Менин ата-бабам Ысык-Атадагы Дмитриевка айылынын негиздөөчүлөрүнүн бири болушат. Тилекке каршы чоң энем Мария Чернышова ошол тарыхый окуяларды айтып берген учурда мен кичинекей болчумун. Ал эми таятам Халюков кийин Москвага кетип, ошол бойдон дайын-дарексиз жоголуп кетти. Азыр кызыгып иликтеп жатам, бирок айтып берүүчүлөрдүн көбү каза болушкан. Мен ошол чоң аталарым менен абдан сыймыктанам. Өзүм 1985-жылы Фрунзе машина куруу техникумунан эмгек жана чийүү сабагынан мугалимдик кесипти алып чыктым. Андан соң башталгыч класстын мугалими болуп, 2010-жылы жогорку билим алдым. Билим берүү тармагында жалпы 29 жылдан бери эмгектенүүдөмүн. Анын 15 жылы Буденовка орто мектебинде өттү. Толобаева Наталья Мухамедовна директор болуп турганда мен директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп эмгектенгем. Учурда Буденовка орто мектебинде башталгыч класстарга сабак берем. Кичинекей наристелер менен иштегенди абдан жактырам жана ар кандай мектептеги иш-чараларда, концерттик программаларда залды кооздогонду жактырам. Эмгек жамаатыбыз менен бул жагынан шыктуубуз», - деди ал.

Ирина Рыбьянова үй-бүлөлүү, 2 уулу, 3 небереси бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1856
×