Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Чүй

8 жаштагы Рустам Сокулуктагы атасына баруу үчүн 2,5 чакырымды жөө баскан (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айылында жоголгон 8 жаштагы Рустам Сейитбеков табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын атасы Зухраб Сейитбеков билдирди.

Анын айтымында, Рустам өзү жашаган үйдөн эртең менен мектепке чыгып кеткен боюнча кайра барган эмес. Ал бир күн өтпөй түнкү саат 01:00 чамасында табылды.

«Аны Аламүдүн районунун милиция кызматкерлери табышыптыр. Ал кичи автобуска отурганда интернеттеги жарыяны көргөндөр 102 номуруна билдиришиптир. Буга чейин баламдын жоголгону тууралуу интернетке билдирүү чыккан эле. Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери уулумду түндө табышыптыр. Өзүм Сокулукта жашайм. Уулум Жээк айылында чоң апасы менен жашайт. Ал «атама барам» деп классташтарына айтып кетиптир. Балам 2,5 чакырым жолду жөө басып, кичи автобуска түшүптүр. Сокулукка келмек экен, бирок Аламүдүндө адашып кетиптир. Рустам үй-бүлөдө жалгыз бала», - деди ал.

imgonline-com-ua-Frame-blurred-YnGbKP1GXQRJuAz

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3580
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×