Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Чүй

Айыл турмушу: 55 жаштагы Ш.Макешов 27 жылдан бери эл агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенип келет(фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Өтөгөн айылынын 55 жаштагы тургуну Шаршен Макешов эл агартуу тармагында 27 жыл үзүрлүү эмгектенип, бир нече сыйлыктарга жетишти. Аймактык кабарчы мугалим менен таанышты.

«5-класска чейин сегиз жылдык мектепте, андан кийин Бишкек шаарындагы спорт интернатта билим алдым. Ал эми 9-10-классты Сын-Таш айыл өкмөтүндөгү К.Курманов атындагы орто мектебинде окудум. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине барып, аны 1991-жылы бүтүрдүм. Учурда Өтөгөн айылындагы Жапаркул Алыбаев атындагы орто мектебинде окуучуларга кыргыз адабияты сабагын окутуп, директорлук кызматты аркалайм», - деди ал.

Мугалим эмгек жолун Кемин районундагы Кызыл-Суу орто мектебинде баштаган.

«Аталган мектепте эмгек жолумду баштап, андан кийин К.Курманов атындагы орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштедим. Ошондой эле, Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө тескөөчү болуп эмгектендим. 1995-жылдан бери мектептин директору кызматын аркалап келе жатам. Жалпысынан мугалимдик кесипти аркалаганыма 27 жыл болду. Бул жылдар аралыгында көп тажрыйба топтодум. Ар бир кесиптин өзүнчө түйшүгү болот. Үзүрлүү эмгегимдин арты менен көптөгөн сыйлыктарга ээ болдум. Айыл өкмөттүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук администрациянын жана Билим берүү министрлигинин ардак баракчалары менен сыйландым. Ошондой эле, «Билим берүүнүн мыктысы» наамына татыдым», - деди ал.

Ш.Макешов үй-бүлөөлүү, 4 кыз жана 1 уулдун атасы.

«Эки кызымды турмушка узаттык. Окуучулук жана студенттик мезгилдерде эркин күрөш менен машыккам. Мугалимдик кесиптен тышкары коомдук бирикмелер менен иш алып барам», - деди Ш.Макешов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1569
×