Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Чүй

Люксембургдагы жылгыз карыя суукка байланыштуу карылар үйүнө жеткирилди

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Люксембург айылындагы 65 жаштагы аял суукка байланыштуу карылар үйүнө жеткирилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

«Биз катуу суук болгон күндөрү айылыбыздагы аз камсыз 14 үй-бүлөгө 40 миң сомго көмүр тараттык. Ошондой эле айылыбыздагы 65 жаштагы Т.К. аттуу жалгыз жашаган апабызды суукта үшүп калбасын деп карылар үйүнө жеткирдик. Анын туугандары да, үй-бүлөсү да жок», - деп билдиришти айыл өкмөттөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 432
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×