Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Чүй

Жаш талант: Самбочу Д.Азыковду Россиядагы жеңишинин урматы үчүн азейрбажандык ашпозчу шишкебек менен сыйлаган (фото)

Turmush -  Дастан Азыков 2001-жылы 17-апрелде Ысык-Ата районунун Ивановка айылында төрөлгөн. Ал спорттун cамбо, джиу-джитсу жана дзюдо түрү машыгып, көптөгөн ийгиликтерди багындырган. Спортчу менен аймактык кабарчы таанышты.

«Спортко 12 жашымдан бери катышып келем. Анда спорттун самбо, джиу-джитсу жана дзюдо түрү менен машыгабыз. Джиу-джитсу боюнча Кыргызстандын 5 жолку чемпиону, 2 жолу призеру болдум. Самбо боюнча Кыргызстандын 3 жолку чемпиону, 8 жолу призеру болдум. Мындан сырткары, Россиядагы мелдеште 3-орунду алып, Кыргызстандагы Айнакулов атындагы эл аралык мелдештин 2016-жылы жана 2017-жылы катары менен призеру болдум. Ал эми дзюдо боюнча Кыргызстандын 2 жолку чемпиону, 4 жолу призеру болууга жетиштим. Жакында эле Ивановкада республикалык мелдеш өттү. Анда мен 1-орунду багындырдым», - деди ал.

Спортчу мелдеш учурунда көптөгөн кызыктуу окуяларга туш келет. Анын ичинен Россияда мейманканада мыкты шишкебек жасаган азейрбажандык ашпозчу менен мелдешкенин айтып берди.

«Мелдеш учурунда көп кызыктуу окуялар болот. Анын бирин айтып берейин. Бул окуя 2015-жылы Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында болгон. Ошондо мелдешке камданып, бизди бир мейманканага жайгаштырышты. Дал ошол мейманкананын алдында укмуштуудай даамдуу шишкебек жасаган азербайжандык ашпозчу иштечү. Эртең менен мелдешке бара жатсак ал бизди токтотуп, "эгер утуп келсеӊер, мен шишкебек менен сыйлайм" деп сөз берди. Ал чындыгында биздин утуп келерибизге ишенген эмес. Биз тайпабыз менен 4 бала барганбыз. Кечинде үчөөбүз алдыңкы орундарды жеӊип, мейманканага кубанычтуу кайттык. Көп мамлекеттин ичинен биздин да мамлекетибиздин желеги желбиреди. Сыймыктандык, сүйүндүк. Азербайжандык мыкты ашпозчу бизди шишкебек менен сыйлады. Чет жерде жүргөндө ушундай жакшы адамдарга жолуктум», - деди ал.

Спортчу ар бир күнүн бош өткөрбөгөнгө аракет кылат.

«Спорттон тышкары ырдаганды жактырам десем болот. Бирок өзүм үчүн ырдайм. Көп деле алектенбейм. Эртеден кечке машыгуу, сабак окуу жана ата-энебизге жардам берүү менен убакытты өткөрөбүз. Биз алгач машыгууну эртеӊ менен чуркоо менен баштайбыз. Андан соң мектепке жөнөйбүз. Мектептен келгенден кийин үй жумуштарына жардам кылып, саат кечки 17:00дөн 20:00гө чейин машыгуу залына барабыз. Ай сайын Ысык-Ата курортуна чуркаганы барып турабыз. Агайыбыз Эдил Урустемов машыгууну катуу талап кылат. Ошон үчүн ийгиликтерге жетишип жатабыз го деп ойлойм. Агайыма абдан чоӊ ыраазычылык билдирем. Келечекте дүйнөлүк чемпионатка жана олимпиада оюндарында Кыргызстандын желегин желбиретип, өлкөмдүн намысын татыктуу коргоп келсек деген кыялдар бар.

Джиу-джитсу — бул Япониядан чыккан спорт. Бул эрежесиз мушташ сыяктуу. Күрөшүп жаткан адам атаандашын муунтуп же колу-бутун кайрып утат. Негизгиси бул спортто упайдын чектөөсү бар. Буту колун кайрып жеӊе албай калсаӊ, берилген убакыт аяктаганда кимдин упайы көп болсо, жеӊиш ошого берилет», - деди жаш спортчу.

Ысык-аталык чемпион 4 бир туугандын үчүнчүсү.

«Эгизим — Актан. Улуу байкем Туңгуч Азыков студент, бизден кийин кенже иним Эржан Азыков айылдагы бала бакчага барат. Атам Бакытбек Осоев дыйкан болсо, апам Рахима Бейшенова башталгыч класстын мугалими. Өзүм Ысык-Ата районундагы Станция Ивановка айылындагы А.Турсуналиев атындагы №2 орто мектептин бүтүрүүчүсүмүн», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1054
Көп окулду
×