Turmush — «Жеңеке» рубрикасынын каарманы — Нарын облусунун Жумгал райоуна караштуу Жумгал айылынын тургуну Сабырбек кызы Нурзат. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.
«Мен 1992-жылдын 2-августунда Нарын облусунун Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында туулгам. Үй-бүлөдө 6 бир тууганмын, 3 кыз жана 3 эркек. 2010-жылы А.Идинов атындагы орто мектебин аяктагам. Мектепте алдыңкы окуучулардын катарын толуктап, немис тили жана география сабактары боюнча олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды камсыздап жүрдүм.
2003-жылы 5-класста окуп жүргөндө, менин жакын курбум Австриянын Вена шаарына кетип калып, экөөбүз скайп аркылуу сүйлөшүп турчубуз. Ал ошол жердеги адамдардын жашоо шартын, маданиятын жана башка көптөгөн нерселер боюнча айтып берчү. Ушундан улам мен да чет өлкөгө чыгууну самап, немис тилине болгон кызыгуум артып, тереңдетүү менен окуй баштадым. Аны менен бирге келечекте немис тилинен котормочу болом деп кыялданып алгам. Бирок жашоодо баары сен ойлогондой боло бербейт экен. Мектепти аяктап, андан ары окуу жайга тапшыруу алдында турганда, апам: "Бир үйгө бир дарыгер керек" деп калды. Анан апамдын каалоосун жана көңүлүн кыя албай, Токмок медициналык колледжинин фельдшер-акушерлик факультетине тапшырып, 2013-жылы аяктадым. Алгач Бишкек шаарында өз кесибим боюнча тез жардам кызматында, андан соң үй-бүлөлүк медицина борборунда медайым болуп иштеп жүрдүм», - деди ал.
Анын айтымында, жолдошу экөө бир төрөтканада жарык дүйнөгө келишкен.
«Жолдошум Кудабек уулу Адилет 1992-жылдын 30-июлунда туулган. Эң кызыгы экөөбүз бир төрөтканада жарык дүйнөгө келиптирбиз, 3 күн эле айырма. Менин атам менен кайнатам бир мектепке чогуу окуган классташтар болуп чыгат. Экөө төрөткананын алдында жолугуп калышып, "Сен кыздуу, мен уулду болуппуз. Куда бололу" деп коюшат экен. Ошентип арадан 24 жыл өткөн соң, өзүбүз эле дос бала аркылуу таанышып калып, табышып алганбыз. Кийин үйлөнүү той алдында эки тарап сураштыра келгенде тааныш болуп чыгып, тагдырдын тамашасына абдан таң калганбыз. Ошентип 2014-жылдын 17-августунда баш кошконбуз. Кудайга шүгүр, кайнатам менен кайненем өз кыздарындай кабыл алышты. Ал эми кайнежелерим сиңдисиндей, кайынсиңдим эжесиндей көрөт. Мен дагы аларды өз бир туугандарымдай жакшы көрөм. Жолдошум 5 бир тууган, үй-бүлөдө жалгыз эркек бала. Азыркы тапта жолдошум экөөбүз 2 уул жана 2 кызды тарбиялап-өстүрүүдөбүз», - деди ал.
Каарманыбыз өзүнүн ардактуу кесиби боюнча сөз кылды.
«Учурда Жумгал айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда медайым болуп иштейм. Биздин калктын санына жараша, айылыбызда 2 эле медайымга ылайык орун бар. Аны бөлүп отуруп, дарыгер жана 3 медайым эмгектенебиз. Орун жок болгонуна байланыштуу мен жарым коюм (ставка) менен иштейм. Жетекчилерибиз бизди ар тараптан колдоп, окууларга жөнөтүп турушат. Жумгалдагы Лама айылында медициналык кызматкерлер жок. Ушундан улам 7 километр алыстыкка жөө барып, калкты эмдөөдөн өткөрүп, бейтаптарды дарылап, боюнда бар келиндерди учетко алып иштеп жүрдүм. Айрыкча коронавирус пандемиясы учурунда эл биздин жумуштун оордугун жана түйшүктүүлүгүн түшүнүп калышты окшойт. Күнү-түнү элдин кызматында болуп, колубуздан келишинче көмөк көрсөтүүгө болгон күч-аракетибизди жумшадык. Алардын берген ак батасы мени чыйралтып, кара түтүндөй жер бетин каптаган оору менен күрөшүүгө түрткү болуп жатты. Аркалаган кызматыбыз бир топ түйшүктүү, ошол эле учурда алкыштуу. Мен өзүмдүн кесибим менен сыймыктанам», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.