Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын 61 жаштагы тургуну Мурат Чубашев 40 жылдан бери мал чарбачылык менен алектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
Мурат Чубашев 1961-жылы Кант шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 1 уул жана 2 кыздын атасы. Учурда 10 небереси бар.
«Союз мезгилинде 25 жыл чабан болуп иштедим. Эгемен жылдардан соӊ гиссар койлорун багып калдым. Негизи Тажикстандан мыкты гиссар кочкорлорду биздеги раматылык Сарип аттуу аксакал «Мисс» деген ишканага алып келген. Андагы ак койлорго кошуп, анан чоӊ-чоӊ койлорду чоӊдорго союп беришер эле. Мен 1996-жылы 3 баш гиссар кочкордун ар бирин 150 доллардан алдым. Ал кезде ошондой кымбат болчу. Кийинчерээк бул гиссардын баасы түшүп кетти. 2000-жылы ишкерлер биздеги гиссарларды 25-30 миӊ сомдон сатып алышты. Ошондо чарбамдагы койдун жарымын сатып, шаардан балдарыма үй алып бергем. Көрсө, койду бизден 25 миӊ сомдон алган ишкерлер, ал гиссарларды Кытайга алып барып, 25 миӊ доллардан сатышыптыр. Ал кезде 25 миӊ доллар деген эмне деген акча?... Ошол кездеги Кантта багылган гиссарлар абдан чоӊ болчу. Узундугу 1 метр болчу. Азыркы Арашан кочкорлорунан чоӊ гиссар койлор бар эле. Айрым ишкерлер келип, «Лимузиндин баары бул жакта турбайбы» деп кызыгышчу. Салмактары да абдан оор болчу. Куйруктары эле 40-50 килограммды түзөт. Анан кийин базарга алып чыкса, баасы кымбат болуп, эч ким албай калды. Ушундай эле кызыл койлор көбөйдү. Алар 4 миӊ сом деп турса, биздики 10 миӊ сом десек, "Экөө окшош эле го. Баары бир соёбуз да" дешип, кадимки кыргыз койлорун алып кетишет. Анан эми минтип Арашан койлору чыккандан бери гиссар койлорунун дагы баасы көтөрүлдү. Мен азыр чарбама 100дөй эле баш кармайм. Калганын сатабыз», - деди ал.
Өлкөдөгү фермерлер тууралуу «Кыргызстандагы ийгиликтүү 120 фермер» журналынан окуй аласыз.
Журналда миллиондогон кирешелерди тапкан алдыңкы малчылар, дыйкандар, багбандар, балыкчылар, аарычылар жана башкалардын ийгиликтеринин сырлары, даректери, телефон номурлары жазылган.
Баасы 1000 сом.
Журналды бардык облустардан алууга мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн Бишкек шаарындагы башкы кеңсенин +996 (312) 45 66 72, +996 (312) 65 02 04 жана 0(550) 26 50 13 номурлары иштейт же aimak.akipress@gmail.com электрондук дарегине кат жазыңыз.