Turmush — Нурбек Сагынбаев Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп дайындалды.
Бүгүн, 8-апрелде Нурбек Сагынбаев Табылдиевичти жамаатка тааныштыруу иш-чарасы өттү. Ага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.
Нурбек Сагынбаев буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын №21 Муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп келген.
Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Өмүр баянын Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыз.