Turmush — Талас шаарынын 31 жаштагы тургуну Тилек Аскаров кулпунайдын жаңы сортун өстүрүп киреше табууда. Аймактык кабарчы дыйкан менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча мугалим жана экономист.
«Өзүмдүн адистигим менен бир аз убакыт иштеп, чет жакка жумушка кеткем. Ал жакта бир топ жыл иштедим. Чет жакта карасаң, аз эле жерге жемиш тигип, көп киреше кылышат да, биз болсо көөп жерлерибизди, талааларды туура колдоно албайбыз. 2021-жылдын жаз айында үйдөгү бош аймакты күнөсканага айлантып, ага кулпунай тигүүнү туура көрдүм. Бадыраң өстүрөм дегем, бирок биздин өзүбүздүн бадыраң бышканча, түштүктөн келип, биздики кыйла төмөн баада сатылып калат деп ойлондум. Ошодон улам башка нерсе тигүүнү кааладым. Интернеттен кулпунай өстүрүүнү көрүп, ошол кызык болду. Таласта күнөсканага өстүрсө болот бекен деген ой келди.
Ар бир иште кыйынчылык, түйшүк болот. Бирок бул иштин түшүмү жыйынтыгы кылган мээнетиңиздерди актайт. Бизде Таласта гектарлап төө буурчак эгишет. 1 жыл бою мээнет кылабыз. Күзүндө анын баасын күтүп отурабыз. Кулпупайды 10 сотых жерге эксеңиздер ушул жерди карап, биртке чыгым кылсаңыздар, гектардан алган төө буурчактын кирешесин берет», - деди дыйкан.
Макаланы толугу менен биздин сайтка катталуу менен окуй аласыз.