Turmush — Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында айтылган канаттуулар фабрикасы тууралуу маалыматка Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы жооп берди.
2025-жылдын 15-апрелинде Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылынын тургундары «Аталык» ишканасынын 1 миллион баш канаттуулар фабрикасынын курулуусуна каршы экенин билдирген.
Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда, Сары-Жон айылында 2025-жылдын 6-апрелинде курулушу башталды делген 1 миллион баш канаттуу үчүн фабрика тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени бекитилген долбоордо 75 миң баш канаттууга чейин багуу пландалган.
«Ошондой эле 2025-жылдын 9-апрелинде Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Эркеайым Сейитказиева, «Три Т» канаттуулар заводунун (долбоордун инвестору) өкүлдөрү жана ага чектеш аймактардын жашоочулары менен жолугуп, жыйын өткөн. Жолугушууда тараптар өз ара түшүнүшүүгө келишти. Сүйлөшүүлөрдүн жана консультациялардын жыйынтыгында экологиялык, санитардык жана инженердик талаптарды эске алуу менен канаттуулар фабрикасын куруу үчүн дагы ылайыктуу жерди карап чыгуу чечими кабыл алынган», - деп айтылат маалыматта.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Atalyk Group» («Аталык Групп») жабык акционердик коомунун жетекчиси — Укубаев Талгат Туратбекович, түзүүчүлөрү — Укубаев Туратбек Галиярович, Бексултанова Озумкан Дардановна. ЖАК 2010-жылы 13-сентябрда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: канаттуулардан продукция өндүрүү.