Turmush — Нарында «Кичинекей каармандар» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, бул иш-чара бөбөктөрдүн чыгармачылыгын арттыруу менен бирге, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоого багытталган.
Алдыңкы орундарды ээлеген бала бакчалар:
Ат-Башы району:
- 1-орун: «Ак-Жар сезими» бала бакчасы, «Ак келте» тобу (Тарбиячысы: Венера Ашыралиева).
- «Мыкты коюлум» наамы: К.Анапия атындагы №2 бала бакча, «Теңир уулу эр Манас» тобу (Тарбиячысы: Ишенбүбү Тоюнбаева).
Нарын шаары:
- 1-орун: №18 «Ак дил» бала бакчасы, «Аманат» тобу (Тарбиячысы: Бактыгүл Салмакеева).
- 2-орун: №1 «Ата-Түрк» бала бакчасы, «Айкөл Манас» тобу (Тарбиячысы: Айжан Чырмыева).
Нарын району:
- 3-орун: «Таңга-Бийке-Бердике» атындагы бала бакчасы, «Айчык» тобу (Тарбиячысы: Айгүл Касмалиева).
Жумгал району:
- «Мыкты сценарий» наамы: №2 «Келечек» бала бакчасы, «Күн нуру» тобу (Тарбиячысы: Нургүл Мекишова).